"Карындаш" Сөзү : Кудрет Тайчабаровдуку Обону : Нурлан Насиптики Күтүүсүз сүйүү жаралып, Күн сайын барам арбалып. Секелек кызды жактырган, Жүрөккө турам таң калып.
Кайырма: Сен бир карап койсоң жүрөк эзилет, "Байке" деген сөзүң "жаным" сезилет. Жылуу сезим берген, эрке карындаш. Сен менен бактым, келечегим көрүнөт.
Айырма бир топ эле жаш, А бирок сендей табылбас. "Байке" деп жүрөк эзбечи, Сүйөмүн сени, карындаш.