Гуру Песен Популярное
А Б В Г Д Е Ж З И К Л М Н О П Р С Т У Ф Х Ц Ч Ш Э Ю Я
# A B C D E F G H I J K L M N O P Q R S T U V W X Y Z

КЫЗ - БУРАК тобу - "Оо, жаштык" | Текст песни

"Армансыз жашоо болбойт бул жалганда",
Деп айткан сөзүн эстейм акылмандын.
Оо, кайран жаштык күндөр өтүп жатат,
Кантейин мен жете албадым, армандамын.

Кайырма:
Оо, жаштык күн кайда,
Биз өткөргөн түн кайда?
Махабатка кумар канбай,
Биз сунушкан гүл кайда?
Тоо жаңырта обон созгон,
Мага тааныш үн кайда?
Кайда-кайда, гүл кайда?
Мага тааныш үн кайда?
Тоо жаңырта обон созгон,
Мага тааныш үн кайда?

Күйдүрүп күндөн-күнгө ачыласың,
Жомоктогу пери сымал азгырасың.
Өзүңсүз кайра күндөр өтүп жатат,
А мен арман дайрасында агыламын.

Кайырма:

Жүрчү, жаным, кетеличи тээ алыска,
Колду шилтеп, ушак сөз, кур намыска.
Эң бактылуу күндөр, балким, алдыдадыр,
Жетеличи бизди күткөн чоң бакытка.

Статистика страницы на pesni.guru ▼
Просмотров сегодня: 1
Видео
    Нет видео
    -